Парламенттин жабык жыйынына Баткенден келген тургундар да катышууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жабык жыйынына Баткендин Чарбак, Бөжөй сыяктуу чек арада жайгашкан айыл тургундарынан он чакты өкүлү да катышууда.

Парламент бүгүн кыргыз-өзбек чек арасында 6-январда чыккан чатактын себебин жана кесепеттерин, жалпы эле чек арадагы кооптуу делген аймактар боюнча кырдаалды жабык талкуулап жатат. Жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышууда. (ZB/RK)