Данияр Дунгановдун саламаттыгы начарлаганы айтылууда

Апрель окуясы боюнча айыпталуучу Данияр Дунгановдун саламаттыгы начарлап жатканын “Азаттыкка” анын жубайы билдирди. Анын айтымында, 16-январь күнү апрель окуясы боюнча ишти карап жаткан сот Дамир Оңолбековдун Данияр Дунгановду УКМК абагынын ооруканасына жаткыруу боюнча чыгарган чечими ишке ашырылган жок, Дунганов абалынын начар экенине карабай абакта камалып турат.

Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Данияр Дунгановдун ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, апта башында эле сот төрагасына кайрылган. Төрага Дунганов көрсөтмө бергенден кийин гана өтүнүч караларын айтып, бирок ал 16-январда көрсөтмө бергенден кийин маселени кийинки соттук жараянга калтырды.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 21-январда уланат. Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Данияр Дунгановго “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “Экиден ашуун киши өлтүргөн”, “Куралын жоготкон” деген айыптар тагылып, 2010-жылдан бери камакта отурат. (ZKo)