АКШда бир үй-бүлөнү өлтүргөн өспүрүм кармалды

Жекшембиде полиция Нью-Мексика штатындагы бир үй-бүлөнүн: ата-энесинин жана үч баласынын атып өлтүрүлгөн сөөгүн тапкан эле. Бул окуя боюнча шектелген өспүрүм жигит камакка алынды. Берналлило округунун шерифи Аарон Уиллямсондун кабарчыларга билдиргени боюнча, киши өлтүрүүнүн себептери аныкталып жатат.