Бүгүн Капитолий дөңүндө Барак Обама ант берет

Барак Обама дүйшөмбү күнү Вашингтондун Капитолий дөңүндө эл алдында экинчи жолу президенттик антын берет. Кечээ күнү Обама, АКШ Конституциясына ылайык, Ак үйдө кызматка киришер алдында ант берген. Вашингтондогу ант берүү салтанатын көргөнү 600 миңден 800 миңге чейин адам чогулаары болжолдонууда жана коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Төрт жыл мурда Барак Обама алгачкы ирет президент ирети ант бергенде Капитолий дөңсөөсүндөгү салтанатка 1, 8 млн. адам чогулган.