Бразилияда өрттөн кеминде 230 кишинин өмүрү кыйылды

Соңку маалымат боюнча Бразилиянын түштүгүндөгү түнкү клубда чыккан өрттө набыт болгондордун саны 230га жетти. Ондогон адамдар жараат алды. Кырсык Санта-Мария шаарында университеттин студенттеринин кечесинде болгон. Кырсык болгон маалда клубда 300-400дөй киши болгон. Издөө иштери уланууда. Өрттүн себептери так айтыла элек. Бразилиялык маалымат каражаттары болсо өрт пиротехникадан чыкканын жазууда.

Бразилиянын президенти Дилма Руссефф Чилиден шашылыш түрдө кырсык болгон жерге кетти.