“Жалкоо” мультфильми эл аралык фестивалга катышат

Бул тууралуу “Айтыш фильм” киностудиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган студияда тартылган “Жалкоо” аттуу мультфильм Орусияда өтчү анимациялык фильмдердин фестивалына чакыруу алды. 27-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Суздал шаарында өтө турган фестивалга КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн аниматорлору катышат.

Режиссер Майрам Калыгулованын “Жалкоо”  мультфильми элдик жомоктун негизинде тартылган. Мультфильмдин бет ачаары Бишкекте 25-январда өткөн.(BkA)