Аба ырайы: шашылыш эскертүү

Кыргызстанда 29-30-январь күндөрү жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол –  Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке –  Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым ), Ала-Бука – Каныш-Кыя (65-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

30-январда Нарын менен Ысык-Көлдө айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  -2... -7, күндүз  +2... +7 градус, Талас облусунда түнкүсүн  -2… -7, күндүз  +2…+7 градус, Баткен облусунда түнкүсүн  0…-5, күндүз  +3…+8 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн  0... -5, күндүз +3 ...+8 градус,  Ысык-Көл облусунда түнкүсүн  -2... -7, күндүз  0... +5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -10... -15, күндүз -3... -8 градус болот.

Бишкекте 30-январда түнкүсүн маал-маалы менен кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус суук, күндүз +3…+5 градус болот (EBM)