Ош мэринин милдетин убактылуу аткаруу Мырзакматовго жүктөлдү

Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кабыл алды. Анда мэрдин ыйгарым укуктары 29-январда бүткөнүнө байланыштуу жаңы шаар башчы шайланганча мэрдин милдетин аткаруу Мырзакматовго жүктөлдү.

Ушул тушта парламент Ош шаарынын макамы тууралуу мыйзамды талкуулап жатат. Шаардын мэри эмки айда, февралда шайланмакчы. (EBM)