Ак үй алдында өзүн өзү өрттөгөн аялды тез жардам алып кетти

Жыпаркан Өмүрова өрт өчүрүлгөндөн кийин. Бишкек, 31-январь.

Ак үйдүн алдында Нарындан келген Жыпаркан Өмүрова деген аял сот чечимине нааразы болуп өзүн-өзү өрттөп жиберди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, милиция кызматкерлери өрттү өчүргөнгө жетишип, аялды тез жардам салып кетти.

Өмүрованын баласы бирөөнү топтошуп алып сабады деген айып менен 13 жылга кесилип кеткен экен. (EBM)