Казакстан келерки айдан тарта Кыргызстандан сүт ала башташы мүмкүн

Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаевдин билдиришинче, өткөн айдын этегинде Кыргызстанга Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган комиссия келди. Алар сүт азыктарын өндүргөн жеригиликтүү заводдорду текшерди. Ар бир ишканада бирден ветеринардык дарыгердин болушу жана сүттөн жеринен анализ алуу тууралуу сунуштарын айтты. Комиссия корутундусу 1-февралда жөнөтүлөт. Эгер анда кыргыз тарапка олуттуу доомат болбосо февраль айынын орто ченинен тарта Казакстан кайра сүт азыктарын ала баштамакчы.

Казакстан Кыргызстандан өткөн жылы октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Анда кыргыз тарапка малдын башын идентификациялоо талабы айтылган. Негизенен Казакстанга 10 ишкана күнүгө баасы 5 миллион сомдук 120 тоннадай сүт, каймак-быштак экспорттоп келген эле. (EBM)