Шералы Назаркуловду эскерүү митинги өтөт

Эртең Бишкекте укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү митинги өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы, Назаркулов атындагы коомдук фонддун төрагасы Турсунбек Акун кабарлады.

Митинг-реквием Айыл чарба министрлигинин алдындагы аянтчада өтөт. Маркумдун арбагына багышталып куран окулат.

Укук коргоочу, экономист, публицист жана коомдук ишмер Шералы Назаркулов 2002-жылдын 7-февралда Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы  22 күндүк саясий ачкачылыктан кийин көз жумган болчу. (RK)