Бишкекте селсаяктар текшерилет

Бул текшерүүнү борбордун Ленин районунун акимияты менен саламаттыкты сактоо департаменти уюштуруп жатат. Анда шаардагы селсаяктар саны такталып, медициналык кароодон өткөрүлөт. Бүл күнү үй-жайсыздар атайын ооруканада флюграфиядан өтүп, ВИЧ инфекциясына анализ тапшырат.

Расмий маалыматтар боюнча, Бишкекте 3,5 миңден ашык селсаяк бар. Быйылкы кыштын алгачкы күндөрүндөгү суук 20га жакын селсаяктын жанын алган. (BkA)