Кытай: Жылан жылы жаңырды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Үрүмчү шаарынын Элдик аянтындагы түнкү майрамдык маанайга көз салып, көңүлүм көтөрүлүп кайттым. Кытай Дубалын элестеткен муз дубалдар менен муз айкелдер, миң кырдуу дүйнөнүн тил менен айтып жеткизе алгыс элесин көз алдыга тарткан тарсылдактар адамды ар-түркүн ойго салат. Техника менен көркөм ойдун жемишинен жаралган кооздукка суктанбай кое албайсың!
Үрүмчүдөгү муздуу от оюнунан Бектур Илияс тарткан видео. Үрүмчү, 10-февраль, 2013-жыл.