Ош: июнь коогасына катышканы шектелген “маңзат барону” кармалды

Маңзатты көзөмөлдөө кызматы орусиялык кесиптештери менен биргеликте Кыргызстан аркылуу Орусияга ири көлөмдө ооган апийимин жөнөтүп турган деген шек менен Ош шаарынын тургунун кармады. Тергөөнүн жүрүшүндө М.Х аттуу бул жаран 2009-жылы Орусиянын Иркутск облусуна 133 килограммдан ашык апийим жөнөткөнү аныкталган.

Колго түшкөн адам 2010-жылы Ош окуяларында массалык башаламандыкка активдүү катышкан деген шек менен издөөдө жүргөн. Коогадан кийин үйүн тинткен маалда 40 килограмм маңзат, ок-дарысы менен курал-жарак, куралдуу кагылыш үчүн даярдалган “Камаз” үлгүсүндөгү үч унаа табылган. Учурда тергөө уланып, бул кылмышка башка адамдардын катыш-тийиштиги иликтенип жатат. (EBM)