Жалал-Абадда коррупцияга каршы кызматтын коомдук кабылдамасы ачылды

Шаардын Токтогул көчөсүндө ачылган коомдук кабылдама коррупцияга каршы ишке элди тартуу максатын көздөйт. Кабылдаманы УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы ачты. Анын ачылышына вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев катышты. 4 кызматкер иш алып барган кабылдамада ишеним телефону, факс иштейт. Каалоочулар жемкорлук тууралуу 03722 5 55 35 номерлүү ишеним телефонуна чалып, же ушул эле номерлүү факска зарыл иш-кагаздары аркылуу билдирүүлөрдү жиберсе болот.

Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облустук башкармасынын жетекчиси Советбек Эрмеев жемкорлук боюнча 76 кайрылуу түшкөнүн, анын 26сы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке 24 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Тергөө маалында эки миллион сомдон ашык акча жана 657 миң сомдук мүлк-буюмдар мамлекетке кайтарылган. (YA)