Бишкекте “Тамеки” деп аталган рейд жүрдү

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай “Тамеки” аталыштагы рейд шаардыктардын ден-соолугуна зыян келтирчү тамеки түтүндөрүн азайтуу, коомдук жайларда мыйзам бузгандар менен күрөшүү максатында өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында шаардагы ондогон кафе-барлар, интернет клубдар, соода борборлору жана дүкөндөр текшерилип, 27 жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды. Рейддин жүрүшүндө тамеки тарткан 30 өспүрүм кармалып, ата-энелерине маалымат берилди. (JAk)