Ички каттамдарга учак билетинин баасы арзандайт

Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов кабарлады. Анын айтымында, жарандардан түшкөн сунуштарды эске алып, авиа компаниялар менен биргеликте 1-марттан тарта айрым ички каттамдардагы учактарга билет баасын арзандатуу чечими кабыл алынды. Ага ылайык, Бишкек - Ош каттамына билет 500 сомго, Бишкек - Жалал-Абад, Бишкек - Баткен жана Бишкек - Исфана - 300 сомго арзандайт. Муну менен катар студенттер үчүн атайын арзандатылган төлөм ишке кирет.

Ошондой эле Дыйканов аймактардагы аэропортторду оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Маселен, Баткендеги аэропортту оңдоого 124 миллион, Жалал-Абад жана Исфанадагы аэропорт үчүн 81 миллион сом бөлүнгөн.(BkA)