Парламент Курманбек Бакиев боюнча эл аралык уюмдарга кайрылат

Жогорку Кенештин эл аралык иштер боюнча комитети буга чейин эл аралык парламенттик уюмдарга, анын ичинде КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына, Европадагы коопсуздук жана келишим уюмуна, Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмуна жана ЕврАзЭШке кайрылуу кабыл алды. Анда Минск конвенциясына ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев жоопкерчиликке тартылышы керектиги айтылат.

Комитеттин кайрылуусунда Курманбек Бакиевдин жасаган кылмыштуу иштери боюнча сот өкүмү чыкканы белгиленген. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев маалымдады. Иманалиев кайрылууну колдоп берип коюуну өтүнүп, комитеттин атынан депутаттарга кайрылды. Депутаттар азырынча бул маселени карай элек.

12-февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарган.

Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү үчүн Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кесилген. (ZB/JAk)