Иранда эки алтын медал уткан жалалабаддык кыз кайтып келди

Ирандын борбору Тегеранда  800 метр жана бир жарым чакырым аралыкта чуркоо менен биринчи орунду ээлеп, эки алтын медал менен сыйланган Жалал-Абад мамуниверситетинин студенти Гүлшанай Сатарованы бүгүн  Жалал-Абаддын спорт күйөрмандары жана журналисттер тосуп алды.  Бул тууралу Жалал-Абад мэриясынын дене тарбия, спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алмазбек Акимжанов билдирди. 14-17-феврал күндөрү Тегеранда жеңил атлетика боюнча ислам мамлекеттеринин эл аралык мелдеши болуп өттү. Ирандагы эл аралык мелдешке  14 өлкөнүн спортчулары катышкан.(YA/RK)