Америкалык пианист Ван Клиберн көз жумду

78 жаштагы пианист шаршембиде Техастагы үйүндө сөөк рагынан көз жумду. Ал 23 жашында Москвада Чайковский атындагы биринчи Эл аралык сынакта жеңип, дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон. Ал мекенине кайтып барган кезде “СССРдин элин багындырган” музыкант катары даңазаланган.

Клиберндин орус композитору Кирилл Кондрашин менен чогуу жазган классикалык альбому платина макамына жеткен.