Тоңдогу китепканага Бексултан Жакиевдин ысымы ыйгарылды

Тоң районун борбору Бөкөнбаев айылындагы борборлоштурулган китепканага Кыргыз эл баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин ысымы ыйгарылды. Бул
тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы
Назира Муканбетова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим жергиликтүү кеңеш депутаттары, айыл аймак башчылары жана мекеме, ишкана жетекчилери катышкан райондук кеңештин 28-февралдагы кошмо жыйынында кабыл алынды.

Бексултан Жакиев 1936-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. Анын “Атанын тагдыры”, “Саадак какты”, “Эртең жаңы жыл” сыяктуу драмалары окурмандарын тапкан. (MK)