Лондондогу көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгеги коюлат

Лондондун чок ортосундагы аукцион үйүндө бүгүн башталып, бир жумага созулчу көргөзмө-жарманке “Тогуз жолдун тоомунда” деп аталат. Анда алгачкы жолу постсоветтик өлкөлөрдүн, анын ичинде Борбор Азия жана Кавказдын азыркы сүрөтчүлөрүнүн эмгеги коюлууда. Кыргыз тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, көргөзмө-жарманкеге кыргызстандык сүрөтчүлөр Алимжан Жоробаевдин “Коммунизмдин элестери”, ал эми Гүлнара Касмамбетова менен Муратбек Жумалиевдин “Жаз” аттуу эмгеги коюлат.

Лондондогу Sotheby’s аукцион үйү 2,5 кылымдык тарыхы бар эл аралык лидер. Аталган аукцион үйү дүйнөнүн 40 мамлекетинде өкүлчүлүгү бар, жыл сайын бир катар ири шаарларда 250дөн ашуун көргөзмө-жарманкелерди уюштуруп турат.(ZKo)