Жалал-Абадда митингчилер аянтка боз үй тикти

Ушу тапта Жалал-Абаддын борбордук аянтында митинг башталууда. Кабарчыбыздын айтымында, бир боз үй тигилди, эл чогула баштады. Кечээ облакимчиликтин имаратына кирип алган элүү чакты аял ошол жерде түнөдү.

Митингчилер "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарын тез арада бошотууну талап кылууда. (YA/RK)