Караколдун мэри иштен кетүүгө арыз жазды

Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов өз каалоосу менен кызматтан кетмей болду. Бул тууралуу арызын жазып, өкмөткө жөнөткөнүн бүгүн ал "Азаттыкка" билдирди. 12-мартка чейин иштеп тураарын, эч кимге нааразылыгы жок экенин, башка кызматка өтөөрүн айтты.

Ишенбек Өмүрканов былтыр апрелде Караколго мэр болуп келген.  Шаар кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү анын кандидатурасын колдоп добуш берген.(MK/RK)