Кипр парламенти талаштуу мыйзамды кабыл алган жок

Кипр парламенти өлкөнү кризистен сактоо үчүн аманатчылардын банктагы акчасынын бир бөлүгүн кармап калуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган жок. Долбоорго 36 депутат каршы, 19у калыс добуш берип, мыйзамды бир да депутат колдогон жок. Ошол тапта парламент алдына нааразылык акциясына чыккандар мындай кабарды кубануу менен тосуп алды. Кипр өкмөтү менен эл аралык насыячылар жетишкен келишимге ылайык, Кипр 10 миллиард евро шашылыш насыяны алыш үчүн аманатчылардын банктагы депозиттеринен 10 пайызын салык катары кармап калууга макул болгон. Мындай шарттагы келишим кипрликтердин жана бул өлкөдө аманатын сактаган орусиялык, түркиялык жарандардын нааразылыгын жараткан эле. Эми Кипр өкмөтү кризистен чыгуунун жаңы планын сунушташы керек.