"Жайшул Махди" тобунун мүчөлөрүнүн соту дагы жылды

Бишкектин Октябрь райондук соту мындан эки жыл мурун Бишкекте бир топ террорчул иштерди жасаган деп айыпталып жаткан “Жайшул Махди” тобунун мүчөлөрүнүн сотун кийинкиге калтырды. Буга күбөлөрдүн жана соттолуучулардын биринин жактоочусу сотко келбей калганы себеп болгон. Келерки сот отуруму 1-апрелде өтмөй болду.

Бул сот ишинде ондон ашык адам айыпталууда, экөө 2011-жылдын 4-январында Бишкектин түштүгүндөгү атайын операцияда жок кылынган. Айыпталып жаткандар өткөн жылдагы сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында болгон жардырууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана жыл башында милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы болгон деп шектелип, эки жылдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында кармалып турушат.

Атайын кызматтын өкүлдөрү булар “Жайшул Махди” террорчу уюмуна мүчө болгонун айтышкан. Соттун жүрүшүндө болсо айыпталуучулар эч кандай террористтик уюмдарга мүчө эместигин айтып, коюлган айыптарды четке кагып келатышат. (JAk)