Кыргызстанда эл аралык токой күнү белгиленет

Бул күнгө карата жер-жерлерде жаш көчөттөр отургузулуп, айлананы жашылдандыруу боюнча иш-чаралар өтөт. Бул күндүн алкагында БУУнун Кыргызстандагы азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча программасы жана бир катар бейөкмөт уюмдар “Бак тигүү менен келечегиңди түптө" деген аталыштагы акция уюштурушат.

БУУ жер жүзүндө токойлор азайып баратканына байланыштуу 21-мартты эл аралык токой күнү деп жарыялаган. Учурда Кыргызстандын аянтынын 5,6 пайызын токойлор ээлейт. (BkA)