Сириянын Улуттук коалициясы төрагасыз калды

Сирия оппозициясынын Батыш колдогон Улуттук коалициясынын төрагасы Ахмед Муаз ал-Хатиб өз ыктыяры менен лидерликтен кеткенин жарыя кылды. Ал-Хатиб каалагандай эркин иштөө үчүн коалиция төрагалыгынан баш тартканды оң тапканын  Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн бетинде билдирди. Ал-Хатибдин жардамчысы бул маалыматты тастыктады. Апта башында оппозициянын Стамбулда өткөн жыйынында сириялык козголоңчулардын “утурумдук өкмөтүнүн” башчысы болуп, Сириянын ынкылапчыл жана оппозициячыл күчтөрүнүн улуттук коалициясынын жетекчилеринин бири Хасан Хитто шайланган.