Президент Атамбаев кендерден акча жасабаганын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев камактагы депутат Садыр Жапаровдун дооматы боюнча Башкы прокуратурага көрсөтмө бергенин бүгүн Жалал-Абадда “Ата-Журттун” депутаттарынын жактоочулары менен жолукканда билдирди. Ал Садыр Жапаровдун “Атамбаев 2007-жылы премьер кезинде Иштамберди кенин сатып жиберген жана “Центерранын” 30 миллион сомун уурдаган” деген гезит, дисктердеги интервьюсун көргөнүн, бул маалыматтар чындыкка коошпой турганын белгиледи.

Буга чейин парламенттин Социал-демократтар фракциясы президенттин дарегине айтылган дооматтарды териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Бул маселе жакын арада парламентте каралаары күтүлүүдө. (YA/KKs)