Кипрде банктар иштей баштады

Каржы кризисинен эки жума өткөн соң Кипрде 16-марттан бери  жабык турган банктар кайрадан иштей баштады. Банктардагы капиталдын  айланышын  Евробиримдиктин борбордук банкы көзөмөлдөөдө, ал эми кипрликтер өз эсебинен күнүнө 300 евро (380$) гана акча ала алышат.