Кыргызстандык активисттер дүйнөлүк социалдык форумга катышты

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Тунисте бүткүл дүйнөлүк социалдык форумдун алкагында өткөн миграция боюнча семинарга катышты. 26-марттан 3-мартка чейин созулган форумга ар кайсы өлкөлөрдүн жарандык коомунун өкүлдөрү келди. Бул тууралуу “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан билдиришти.

“Миграция жана өнүгүү” деп аталган семинарда дүйнөдөгү эң жакшы тажрыйба деп эсептелген Ливандын, Эфиопиянын жана Шри-Ланканын кызматташуусу, мигрант аялдарга, адам сатууга байланышкан маселелер талкууланды. Кыргызстандан барган өкүлдөр талкууланган айрым темалар боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Ал сунуштар келечекте чечим кабыл алууда колдонулат. (AKu)