Салыкчылар аттестациядан өтүп жатат

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, текшерүү үч айлампа менен жүрөт. Биринчиси - тестирлөө, андан кийин калп аныктагычтан текшерилет, үчүнчүсү - маектешүү.

Өткөн айда 64 кызматкердин 48и аттестациядан өткөн. Ушул айда Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги салыкчылар текшерилет.

Буга чейин өкмөт башчы салык боюнча план аткарылбай жатканын сынга алып, салыкчыларга катуу чара көрүлөрүн эскерткен болчу. (EBM)