Ала-Букада кен казган казак компания менен жергиликтүү эл араздашууда

Бул тууралуу Бозымчак алтын кенин казып жаткан “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы билдирди. Ага ылайык, 31-мартта Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылынын тургундары жолду оңдоо, ири унаалар үчүн өзүнчө жол салуу, экология маселесин чечүү, иш менен камсыз кылуу талабы менен кен казган ишканага кетчү жолду тосуп алган.

“Казахмыс” 2008-2009-жылдары 27 чакырым жолду оңдоп бергенин, былтыр жолду оңдоо, көпүрө куруу иштерине 6 миллион сомдон ашык акча коротконун, экологияны бузбаганга аракет кылышканын айтууда. Социалдык объекттерди да оңдоого каралашканын, Бозымчык кенине 200 миллион доллар коротконун билдирди.

Көксеректиктер талаптарын аткарууга убакыт чектеп, эгер аткарылбаса, 13-15-апрель күндөрү жол кайра жабыларын эскертишти. (EBM)