Бишкекте Людвиг Минкустун "Дон Кихот" балети коюлат

Эки актылуу балетте Санкт-Петербургдун Михайлов балетинин бийчилери, эл аралык сынактардын лауреаттары Анастасия Ломаченкова менен Антон Плоом бийлешет. 

Людвиг Минус – 19-кылымдын эң популярдуу балеттик композиторлорунун бири. Анын музыкасы бийге ыңгайлуу, аваздуу келет. Ал көп жылдар бою Орусияда жашап, 1877-жылы “Дон Кихот” балетин жазган.

Балеттин бет ачары алгачкы жолу Москванын чоң театрынын сахнасында коюлган. “Дон Кихот” Кыргыз опера жана балет театрынын репертуарында популярдуу болуп саналат.

Кыргыз сахнасында спекталди балетмейстр-режиссер, КР эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышев койгон. “Дон Кихот” спектакли бүгүн кечки саат беште башталат. (AzK)