Бишкек: борбордук көчөлөрдө унаа каттам убактылуу чектелет

Түрк өкмөт башчысынын расмий сапарына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа каттамга убактылуу чектөө киргизилет. Жол-кайгуул кызматынан кабарлашкандай, Чүй, Манас проспектиси, Жибек-Жолу, Фучик жана Абдрахманов көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Аталган кызмат бул коопсуздук үчүн жасалып жаткан аргасыз амал экенин белгилеп, айдоочуларды сабырдуу болууга чакырды. (EBM)