АКШ БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына бойкот жарыялады

Аскер кылмыштары боюнча эл аралык трибунал боюнча жыйын өткөрүүнү БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Вук Йеремич сунуштаган. АКШ бул жыйынды “тең салмактуулук жок”, “чагымчыл” деп атап, катышуудан баш тартты. Анда Сербиянын президенти Томислав Николич сөз сүйлөп, аскердик кылмыштар менен айыпталган сербиялыктар боюнча эл аралык соттун жүрүшүн сынга алды.

Жыйынга каршы чыккандар Сербия 1990-жылдагы Балкан согушундагы салымы тууралуу өкүмдү жокко чыгаргысы келип жатат деп айтыпташты. Еремич мурун Сербиянын тышкы иштер министри болгон. Маалыматка караганда, ал 1995-жылы массалык кыргынга кабылган 8 миңдей мусулмандын үй-бүлө мүчөлөрү кирген “Сребриница энелери” аттуу топту жыйынга катыштырбай койгон. (EBM)