Чубак ажы Жалиловдун соту жылды

Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун ишин кароону 16-апрелге жылдырды. Бул тууралуу “Азатыкка” Жалиловдун адвокаты Акин Токталиев кабарлады. Анын айтымында, ушул шаршембиге белгиленген соттук жараян тууралуу аларга маалымат берилген эмес. Ошондуктан адвокатка даярданууга кошумча убакыт берүү үчүн соттук жараян кийинки аптага белгиленди.

Чубак ажы Жалиловго карата кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылы октябр айында козгогон. УКМК Жалиловду муфтий болуп турганда ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөбөй, жашырып койгон деп айыптоодо. Ушундай эле айып азыркы муфтий Рахматулла Эгембердиевге да тагылган. Жалилов менен Эгембердиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келишет.(BkA)