Мындай комиссия түзүүнү “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов сунуштады. Анын айтымында, Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгарылышын бир катар мамлекеттик органдардын алдын-ала даярдаган кутуму катары баалоого болот. Ошондуктан муну дыкат иликтеп, укуктук баа бербесе, коомдук-саясий кризиске алып келиши мүмкүн. Мындан улам Феликс Кулов бул окуяны иликтөө үчүн ар бир фракциядан экиден депутат кирген комиссия түзүүнү сунуштады. Бул сунушту учурда депутаттар талкуулап жатат.(BkA)