Сан-Маринодогу кыргыздардын форуму

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-апрелде Сан-Маринодо чет жердеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк II форуму башталды. Kyrgyz Club уюмунун маалыматы боюнча, форумга Түндүк Америка, Европа, Азиядагы ондон ашык өлкөдө жашаган кыргыздар катышат. 14-апрелге чейин созулчу иш-чара кыргыз диаспораларынын башын бириктирип, өз ара тажрыйба алмашуу жана кызматташууну максат кылат.