ЖККУ Кыргызстанда чек ара коопсуздугун талкуулайт

Бүгүн Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинин эки күндүк көчмө жыйыны башталат. Ага уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа, Бириккен штабдын жетекчиси Александр Студеникин жана уюмга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, анда чек арадагы коопсуздукту биргелешип камсыздоо, уюмдун аскердик карым-катнашын чыңдоо маселелери талкууланат. Көчмө жыйындын катышуучулары Кант шаарында ЖККУнун аскердик базасына барышат. Ошондой эле Кой-Таштагы аскердик бөлүктө болот.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев, вице-премьер-министр Шамил Атаханов, коргоо жана тышкы иштер министрлери менен жолугушуулар өтөт.

ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Аталган аскердик-саясий уюм 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет - Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус мүчө. Өзбекстан былтыр уюмдан чыгып кеткен болчу. (EBM)