Аба ырайы: шашылыш эскертүү

Шашылыш эскертүү

14-18-апрелде тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

16-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар түшөт, Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына  4-9 метрге,  Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн  5…10, күндүз 8…13,
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 7…12,
Баткенде түнкүсүн  4…9, күндүз  10…15 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 11 …16,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 жылуу болот

Бишкекте 16-апрелде күндүз жаан жаайт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкүсүн  8…10 градус жылуу, күндүз 10…12  градус  жылуу  болот.