АКШда бүгүн Бостондогу жардыруунун курмандыктарын эскеришет

Бостондун өзүндө жана Массачусетс штатынын башка шаарларында бир минут унчукпай эскерүү жөрөлгөсү жарылууга туура бир апта толгон учурга тушташ болуп жатат.

Өткөн дүйшөмбүдө марафон учурунда жарылуудан үч адам өлүп, 180дей киши жаракат алган эле.

Жардырууну жасаган деп шектелгендердин бири Тамерлан Царнаев үч күн мурда полиция менен атышуудан каза тапкан.

Анын иниси Жохар Царнаев полициянын ири операциясынын аркасында кармалганы менен азыр ооруканада. Ага расмий айып коюла элек, анткени моюнунан жаракат алган Жохар Царнаев сүйлөөгө жөндөмсүз болуп турат.

Бостон полициясынын комиссары Эдвард Дэвистин айтымында, улуту боюнча чечен бул эки жигитте курал жана бомба болгон, алар башка кол салууларды да пландаган болушу мүмкүн. Бирок Царнаевдердин ата –энеси балдары күнөөсүз экендигин айтышууда. (UE)