“Жашыл технологиялардын” көргөзмөсү ачылат

Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын технопаркында экологиялык таза ойлоп табууларды камтыган “Жашыл технологиялар-2013” аттуу көргөзмө ачылат. Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиргендей, көргөзмөгө тоо кен, айыл чарба, медицина тармактары жана тамак-аш өнөр-жайында колдонулуучу инновациялык технологиялардын үлгүлөрү коюлуп, “жашыл технологиялар” тууралуу маалымат берилет. Көргөзмө коомчулукка экологиялык таза технологияларды тааныштырууну көздөйт. (KKs)