Бишкекте оппозиция митинги аяктады

Нааразылык акциянын уюштуруучулары митинг расмий аяктаганын, бийлик аянтка чогулгандардын үнүн укпай койгонун, эми жер-жерлерде иштеп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Оппозициялык күчтөрдүн Кумтөр боюнча митингине уюштуруучулар үч жарым миңдей киши келди деп билдирди. Милициянын эсебинде, миңдей адам чогулду. (EBM)