Бишкекте аялдар үчүн бекер медициналык кароо уюштурулат

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, шаардагы үй-бүлөлүк медицина борборлордун баарында жашаган жери, каттоосуна карабай кыз-келиндер үчүн бекер кеп-кеңеш берилет, кароолор өтөт. Акция 6-майдан 18ине чейин уланат. Ден-соолугуна байланыштуу догдурга келе албагандар дарыгерлерди үйүнө чакыра алат.

Былтыр май айында ушундай медициналык кароо уюштурулганда 11,5 миң аял текшерилген болчу жана алардын теңине жакынынан ар кандай дарт аныкталган. (EBM)