Ошто Кытайдын башкы консулдугу ачылды

Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын башкы консулдугу ачылды. Консулдук кызматты У Ин Цин аркалайт. Анын айтымында, Ошко бул дипломатиялык мекемени ачуу эки тараптуу достукту мыйзамдуу түрдө бекемдөө жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ишкерлик менен алектенип жаткан кытайлык жарандардын ишмердүүлүгүнө укуктук жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

Консулдук Ош шаарында 3-майдан тарта иштей баштады. Анын ачылыш аземи эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде иштеген кызматкерлердин катышуусунда жабык эшик артында өттү.

Ошто мындан сырткары Орусия жана Казакстандын консулдары иштейт. (SE)