БУУ Израилди Сирияга абадан сокку урду деп айыптады

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израилдин Cириянын борбору Дамасктан алыс эмес жайгашкан аскердик илимий-изилдөө борборуна ракеталык чабуулун айыптаган билдирүү таратты. Анда баш катчынын мындай соккулардын орун алышына терең тынчсызданганы айтылып, бардык тараптарды тынчтыкка чакырган.

Израилдин бул чабуулдарын бир катар Араб өлкөлөрү да сындап чыкты. Египеттин президенти Мухаммед Мурси бул соккуларды эл аралык укукту ачыктан ачык бузуу катары баалап, Сириядагы жарандык согуштун уланышын шарттайт деп сындады. Ал эми Араб лигасы Израилдин чабуулдарын “Араб өлкөлөрүнүн суверенитетине” каршы келген кадамдар катары сыпаттады. Иран болсо бул абадан жасалган соккулар аймактагы туруксуздукту жаратууну максат кыларын баса белгиледи.

Израил акыркы үч күн ичинде Сирияга экинчи ирет абадан сокку урду. 4-майда да Израил Сирияга дал ушундай сокку урганын тастыктаган.