Футболчу Балотелли расизмге каршы күрөшүүгө көмөктөшөт

Белгилүү италиялык футболист Балотелли расизмге каршы өнөктүккө катышуу ниетин билдирди. Расизмге каршы кампанияны Италиянын интеграция боюнча министри Сесиль Кйенге сунуштаган.

49 жаштагы Кйенге – Италиядагы теги африкалык биринчи министр аял. Ал Италияга 1983-жылы Конгодон көчүп келген (AiK).