Коргоо министрлиги түштүктөгү аскер бөлүктөрүн чыңдайт

Коргоо министрлигинин Жогорку аттестациялык комиссиясы кезектеги жыйынга чогулду. Анда аскердик кызматты аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды. Айрыкча Түштүк-батыш командачылыгынын иши тууралуу сөз болду.

Эл аралык терроризм жана диний-экстремизм коркунучу түштүктө жогору болгондуктан көбүрөөк көңүл буруу керектиги айтылды. Жогорку аттестациялык комиссия аталган командачылыкка түштүктөгү аскер бөлүктөрүн чыңдоо, күч-кубатын арттыруу, сапатын жана абалын жакшыртуу боюнча сунуш даярдоону тапшырды.

Ушул жылдын башында Коргоо министрлиги Түштүк-батыш командачылыгын текшерип, бир катар кемчиликтерди аныктаган эле. (EBM)