Кыргыз сомунун кабыл алынганына 20 жыл толду

Бүгүн кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргенине 20 жыл толду. Советтер союзу тарагандан кийин коңшу мамлекеттерден Кыргызстан биринчи болуп, 1993-жылы 10-майда өзүнүн улуттук валютасы - сомду жүгүртүүгө киргизген.

Андан бери 20 жыл аралыгында сомдун коргонуу белгилери бир нече ирет күчөтүлгөн. Алгач эң кымбат банкнот 100 сом болсо, 2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук, 2010-жылдан тарта 5000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилди.

1993-жылы 1 сомдун наркы 25 АКШ центине барабар болсо, ушул тапта 1 АКШ долларынын баасы 47 сомдон ашуун болууда. (BkA)